Main Story

Today Update

Таза айлана — таза ойдун жана жаркын келечектин күзгүсү.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде ишембилик уюштурулуп, окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышышты. Бул иш-чаранын негизги максаты — университеттин айланасын тазалоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу жана жамааттын биримдигин бекемдөө болду.

Ишембилик алкагында университеттин жамааты белгиленген аймактарга бөлүнүп, тазалык иштерин жүргүзүштү.

Ак-Коргон корпусунун аймагында китепкана, ЦПК, АТФ, педагогикалык жана экономика факультеттеринин окутуучулары эмгектеништи. НАЭК колледжинин жамааты колледждин айланасын тазалашты. Педагогикалык колледждин окутуучулары жана студенттери да өз аймагында тазалык иштерин жүргүзүштү. Башкы корпустун айланасында административдик-башкаруу персоналы иш алып барышты.

Ошондой эле Соң-Көл аймагында филология факультетинин окутуучулары жана студенттери тазалык иштерине катышса, Алма-Бак паркында агрардык-технология факультети, педагогикалык жана экономика факультеттеринин өкүлдөрү, НАЭК жана IT колледжинин кураторлору студенттери менен биргеликте аймакты тазалап, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүштү.

Мындай иш-чаралар университет жамаатынын ынтымагын арттырып гана тим болбостон, жаш муундарды тазалыкка, жоопкерчиликке жана жаратылышка кам көрүүгө тарбиялайт.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо — ар бирибиздин жарандык милдетибиз экенин баса белгилеп, мындай пайдалуу демилгелерди мындан ары да улантат.

2026-жылдын 10-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасынын алкагында «Университет — Иш берүүчү: кызматташтык жана сапат» аттуу форум уюштурулду.

Форумга Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ишканалардын жетекчилери, банк кызматкерлери, жалпы билим берүү мектептеринин директорлору, ошондой эле башка социалдык өнөктөштөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоо, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо, студенттерди өндүрүштүк практикага тартуу жана бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Катышуучулар университет менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришип, келечектеги биргелешкен иштердин негизги багыттарын белгилешти.

Форум билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты бекемдеп, жаш адистерди сапаттуу даярдоого жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жолун туура тандоосуна өбөлгө түзөрү белгиленди.

#ачык_эшиктер_күнү

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

2026-жылдын 10-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку жана орто кесиптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, кесип тандоо багыттары жана студенттик жашоо шарттары тууралуу кеңири маалымат берүү максатында «Ачык эшиктер күнү» уюштурулду.

Иш-чарага мектептердин 9−11-класстарынын окуучулары жана аларды коштоп келген мугалимдер активдүү катышып, университет менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ачык эшиктер күнү салтанаттуу түрдө ачылып, катышуучуларга университеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын алкагында:

🔹 университеттин билим берүү программалары боюнча презентациялар өткөрүлдү;

🔹 кабыл алуу эрежелери жана гранттык орундар тууралуу маалыматтар берилди;

🔹 факультеттердин окутуучулары менен жолугушуулар уюштурулду;

🔹 окуу корпустары, лабораториялар жана жатакана менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү;

🔹 кесип тандоо боюнча кеңеш берүү жана суроо-жооп сессиялары өткөрүлдү.

Бул иш-чара мектеп окуучуларына келечектеги кесибин туура тандоого, билим алуу багытын так аныктоого жана университеттин билим берүү чөйрөсү менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

#НМУ#ачык_эшиктер_күнү#аббитуриент2026#НарынМамлекеттикУниверситети

Иш-чаранын соңунда келген конокторго балмуздак таратылып, жагымдуу маанай тартууланды.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети сиздерди «Ачык эшиктер күнүнө» чакырат!
Бул иш-чаранын алкагында:
✔ Университеттин билим берүү программалары менен таанышуу
✔ Факультеттер жана окутуучулар менен жолугушуу
✔ Студенттик жашоо, жатакана жана социалдык шарттар тууралуу маалымат алуу
✔ Кабыл алуу эрежелери боюнча кеңеш алуу
📅 Дата: Шейшемби, 10-март
📍 Дареги: Сагынбай Орозбак уулу 25
🕘 Саат: 09:00
Келечектеги кесипти туура тандоо — ийгиликтүү келечектин башаты!
Сиздерди университетибиздин босогосунда кубануу менен күтөбүз!

2025−2026-окуу жылында билим берүү сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү максатында Борбордук Азия университетинин Билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директору Мария Гузикова менен биргеликте бир катар методикалык семинарлар өткөрүлдү.

Атап айтканда, төмөнкү темаларда семинарлар уюштурулду:

«Искусственный интеллект в образовании: вызовы и возможности» ;

«Качество образовательной программы: инструменты, данные, решения»;

«Стратегии активного обучения».

Семинарлардын жүрүшүндө билим берүү процессине заманбап технологияларды киргизүү, билим берүү программаларынын сапатын баалоо жана өркүндөтүү, ошондой эле активдүү окутуу стратегияларын колдонуу маселелери кеңири талкууланды. Катышуучулар практикалык мисалдардын негизинде тажрыйба алмашып, өз ишмердүүлүгүндө колдоно турган жаңы технологиялар, багыттар менен таанышышты.

Иш-чаралардын жыйынтыгында семинарлардын катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, мындай мазмундагы кызматташтык иш-чаралары буга чейин да өткөрүлүп келген. Мындан ары да билим берүү сапатын жогорулатууга карата иш-чаралар уюштурулмакчы.